SerepTV Logo

Балбандар Эрназар Акматалиев жана Бекболот Мырзанар уулу Алматыдагы турнирден алтын утушту

Балбандар Эрназар Акматалиев жана Бекболот Мырзанар уулу Алматыдагы турнирден алтын утушту
Кыргызстандык балбандар Эрназар Акматалиев менен Бекболот Мырзанар уулу Казакстандын Алматы шаарында өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык турнирде алтын утушту. 61 килограмм салмакка чейинкилердин арасында күч сынашкан Бекболот Мырзанар уулу Казакстан, Тажикстан жана Пакистандын балбандарын утуп, финалда казакстандык Жасулан Таскул менен күрөшүп, 11:00 эсебинде утуп алды. Ал эми 70 килограмм салмакка чейин ат салышкан Эрназар Акматалиев финалда казакстандык балбан Родион Анчугинге бет келип, утушка жетти.
info