SerepTV Logo

Азия оюндары: Нурзат Нуртаева күмүш медалга ээ болду

Азия оюндары: Нурзат Нуртаева күмүш медалга ээ болду
Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Нурзат Нуртаева Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында 2-орунду ээледи. Спортчу 68 килограмм салмак даражасында күч сынашып, ¼ финалдан баштаган. Алгач казакстандык Елена Шалыгинаны 7:8 эсебинде жеңсе, жарым финалда монголиялык атаандашын утуп финалга чыккан. Ал эми чечүүчү беттеште Кытай балбанынан жеңилип, күмүш медалдын ээси болду.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от sport.gov.kg (@sport.gov.kg)

edita