Азия оюндары: Жоламан Шаршенбеков финалда
Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын финалына чыкты.
Спортчу 60 килограмм салмак даражасында беттешип, жарым финалда өзбестандык балбанды 9:0 эсебинде жеңди. Ага чейин ал тажикстандык балбанды 8:5 эсебинде, чейрек финалда түштүк кореялык балбанды 9:0 эсебинде жеңип, жарым финалга чыккан.
Азия оюндарынын финалында Жоламан Шаршенбеков япониялык Аята Сузуки менен чыгат.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="206022,206021,206023"]