SerepTV Logo

Азия оюндары: Авазбек Аманбеков коло медалга ээ болду

Азия оюндары: Авазбек Аманбеков коло медалга ээ болду
Ушу саньда боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Авазбек Аманбеков Ханчжоу шаарында өтүп жаткан 19-жайкы Азия оюндарында коло медалга ээ болду.
Спортчу 56 килограмм салмак категориясында беттешти. Авазбек Аманбеков алгач непалдык спортчуну 2:0 эсебинде, чейрек финалда таиланддык атаандашын 2:0 эсебинде жеңип жарым финалга чыккан. Жарым финалдык беттеш спортчубуздун филиппиндик спортчуга 2:0 жеңилүүсү менен аяктады.
Бул байге кыргыз ушу саньда тарыхында спортчулардын жайкы Азия оюндарындарындагы алгачкы медалы болду.[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="204977,204979,204978"]
info