SerepTV Logo

Азия оюндары: Атабек Азизбеков жана Раззак Бейшекеев коло байге үчүн беттеш өткөрүшөт

Азия оюндары: Атабек Азизбеков жана Раззак Бейшекеев коло байге үчүн беттеш өткөрүшөт
Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү 87 килограмм салмак даражасындагы Атабек Азизбеков жана 67 килограмм салмак даражасында Раззак Бейшекеев Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында коло байге үчүн беттеш өткөрүшөт.
Раззак Бейшекеев алгачкы беттешинде япониялык балбанга жеңилген. Бирок атаандашы финалга чыгып, жубатуучу беттеште тажикстандык Фируз Мирзораджаповду 5:0 эсебинде жеңди. Коло байге үчүн күрөштө өзбекстандык балбан менен күч сынашат.
Атабек Азизбеков алгачкы беттешинде ирандык балбанга жеңилген. Ал эми жубатуучу беттеште түркмөнстандык балбанды жеңип, коло байге үчүн беттешке жолдомо алды. 3-орун үчүн күрөштө индиялык балбан менен беттешет.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="206031,206032,206030,206033"]
info