Азия оюндары: Акжол Махмудов финалда
Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Акжол Махмудов Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын финалына чыкты.
Спортчу 77 килограмм салмак даражасында күрөшүп, 1/4 финалдан баштаган. Алгач камбожалык балбанды туше ыкмасы менен жеңсе, жарым финалда казак балбаны Азат Садыковду 9:0 эсебинде жеңип, финалга чыкты.
Финалдык беттеште ирандык балбан Амин Кавиянинежад менен күч сынашат. Финалдык беттештер 15:00дө башталат.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="206049,206051,206050"]