SerepTV Logo

Азия оюндары: Айсулуу Тыныбекова алгачкы атаандашын 14 секундда жеңди

Азия оюндары: Айсулуу Тыныбекова алгачкы атаандашын 14 секундда жеңди
Айсулуу Тыныбекова Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарын жеңиш менен баштады. Ал 62 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/8 финалдан баштаган. Тыныбекова биринчи беттешинде Таиланддын өкүлү менен беттешип, аны 14 секундда далысын тийгизип, жеңип алды. Чейрек финалда учурдагы дүйнөнүн чемпиону япониялык Нонока Озаки менен беттешет.
edita