SerepTV Logo

Азия чемпиондугуна катышкан балбандар кайтып келишти (сүрөттөр)

Азия чемпиондугуна катышкан балбандар кайтып келишти (сүрөттөр)
Кечээ, 11-апрелде Астана шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугуна катышкан грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Бишкек шаарына кайтып келишти. Спортчуларды Маданият министринин орун басары, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Артур Геворгян, спортчулардын жакындары жана күйөрмандары тосуп алышты. Кыргызстандын курама командасы жалпысынан 7 медаль (3 алтын, 1 күмүш 3 коло) утуп, Азия чемпиондугунда командалык эсепте 2-орунду ээлегенге жетишти. 60 килограмм салмак категориясында Жоламан Шаршенбеков, 77 килограмм салмакта Акжол Махмудов, 82 килограмм салмакта Акылбек Талантбеков алтын медаль, ал эми 97 килограмм салмакта Үзүр Жузупбеков күмүш медаль, 67 килограмм салмакта Раззак Бейшекеев, 72 килограмм салмакта Адилхан Нурланбеков, 130 килограмм салмакта Роман Ким коло медаль жеңди. Курама команда улук машыктыруучу Улукбек Карачолоковдун, башкы машыктыруучу Азат Эркимбаевдин, улук машыктыруучу Арсен Эралиевдин жана ошондой эле жеке машыктыруучулар Хаким Махмудов, Мирлан Алжанов, Мейрамбек Ахмедовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышышты.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="174244,174250,174245,174247,174249,174248,174246,174251"]
edita