Мээрим Жуманазарова медаль тапшыруу аземинде көз жашын тыя алган жок
Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова Монголияда өтүп жаткан Азия чемпиондугунда күмүш медалга ээ болду.
Ал 21-апрелде 68 килограммга чейинки салмакта килем үстүнө чыгып, чемпиондук титулун коргоого аракет кылды. Спортчу Казакстан, Корея, Монголиядан барган атаандаштарын жеңип, чечүүчү беттеште казакстандык спортчу менен кайра кез келди. Тилекке каршы, ал титулун коргой албай, жеңилип калды. Сыйлык тапшыруу аземинде Жуманазарова көз жашын тыя алган жок.
Посмотреть эту публикацию в Instagram