Азия чемпиондугу: Жоламан Шаршенбеков машыктыруучусу менен желек көтөрүп чыкты (видео)
Кечээ, 10-апрелде Жоламан Шаршенбеков Азиянын экинчи жолку чемпиону болду.
Спортчу 1/4 финалдан баштап алгач индиялык балбанды жеңди. Жарым финалда япониялык балбанды 4:0 эсебинде жеңип, финалга чыкты. Чечүүчү беттеште Түштүк Кореянын спортчусу Хан Жае Чунг менен күч сынашып, 10:0 эсебинде жеңди.
Ал жеңишинен кийин 86 жаштагы машыктыруучусу Хаким Махмудов менен желек көтөрүп чыгышты, андан соң, спортчу адаттагы сальтосун жасады.