SerepTV Logo

Азия чемпиондугу. Акжол Махмудов бүгүн беттешке чыгат

Азия чемпиондугу. Акжол Махмудов бүгүн беттешке чыгат
Бүгүн, 19-апрелде Улан-Батордо (Монголия) Азия чемпиондугу старт алат. Алдын ала раунддун беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 9:30да башталат. Турнирдин биринчи күнүндө грек-рим күрөшү боюнча 5 комплект медаль ойнотулат. Килемге Кыргызстандан 5 спортчу чыгат:
  • 55 килограммга чейин - Балбай Дордоков;
  • 63 килограммга чейин - Тынар Шаршенбеков;
  • 77 килограммга чейин - Акжол Махмудов;
  • 87 килограммга чейин - Мелис Айтбеков;
  • 130 килограммга чейин - Роман Ким.
 
edita