SerepTV Logo

Азия чемпионаты (U-23): Нурзат Нуртаева алтын медалга ээ болду

Азия чемпионаты (U-23): Нурзат Нуртаева алтын медалга ээ болду
Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Нурзат Нуртаева Амман шаарында (Иордания) өтүп жаткан Азия чемпионатынын алтын медалына ээ болду.
Спортчу 68 килограммга чейинки салмакта катышкан. Алгачкы айлампада монголиянын балбанына 7:5 эсебинде жеңилген. Экинчи айлампада казакстандын спортчусун 1:1 эсебинде утса, үчүнчү айлампада индиялык Приянка Приянканы 4:3 эсебинде жеңип өз салмагында Азия чемпиону болду. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="244865,244864,244862,244863"]
info