SerepTV Logo

Азия чемпионаты (U17): Ырыскелди Хамзаев алтын медалга ээ болду

Азия чемпионаты (U17): Ырыскелди Хамзаев алтын медалга ээ болду
Грек-рим күрөшү боюнча кадеттер арасындагы (U17) курама команданын мүчөсү Ырыскелди Хамзаев Бишкек шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында 71 килограммга чейинки салмак категориясында алтын медалга ээ болду.
Спортчу 1/4 финалдан баштап 10:0 эсебинде кореялык балбанды утуп, жарым финалда ирактык спортчуну "туше" ыкмасы менен жеңип алды. Ал эми финалдык беттеште ирандык Хабибулла Сайед Рахими аттуу балбанды 12:2 эсебинде жеңип 1-орунду камсыз кыла алды. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="185919,185918,185920"]
info