SerepTV Logo

Азия чемпионаты: Гүлнура Таштанбекова 3-орунга татыды

Азия чемпионаты: Гүлнура Таштанбекова 3-орунга татыды
Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Гүлнура Таштанбекова Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында 3-орунду ээледи.
Спортчу 68 килограммга чейинки салмак ченинде 1/4 финалдык баскычтан баштап, анда түндүк кореялык По Гуонг Ри аттуу спортчуга 5:6 эсебинде утулуп келе жатып “туше” ыкмасын колдонуп жеңишке жетти. Жарым финалдык беттешин индиялык Радхия Радхияга утулду. Ал эми 3-орун үчүн казакстандык Альбина Каиргелдиновага дагы бир ирет “туше” ыкмасын колдонуп таза жеңишке жетти. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="237342,237340,237341,237343"]
info