SerepTV Logo

Азамат! Жоламан Шаршенбеков Азия чемпиондугунун финалына чыкты

Азамат! Жоламан Шаршенбеков Азия чемпиондугунун финалына чыкты
Жоламан Шаршенбеков Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда финалга чыкты. Турнир Астанада өтүп жатат. Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча мелдешке 60 килограммга чейинки салмак ченинде катышты. Кыргызстандык 1/4 финалдан баштап, Индиядан келген спортчуну 53 секундда жеңип алды. Жарым финалда Шаршенбеков Япониядан келген балбандан күчтүү болду. Чечүүчү беттеште кыргызстандыкка Түштүк Кореянын өкүлү атаандаш болот. Финалдык блоктун кармаштары 18:00дө башталат.
edita