SerepTV Logo

Азамат! Айсулуу Тыныбекова жарым финалга чыкты

Азамат! Айсулуу Тыныбекова жарым финалга чыкты
Бүгүн, 9-августта Париждеги Олимп оюндарында Айсулуу Тыныбекова беттешин баштады. Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 килограммга чейинки салмактагы биринчи кармашында нигериялык Эстер Колаволе менен беттешти. Тыныбекова аны 5:1 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыккан. Чейрек финалда ал АКШдан келген спортчу менен беттешип, аны да жеңип алды. Жарым финалдык беттеш 22:15те башталат.
edita