SerepTV Logo

Азамат! Айсулуу Тыныбекова Дүйнөнүн эки жолку чемпиону болду

Азамат! Айсулуу Тыныбекова Дүйнөнүн эки жолку чемпиону болду

Айсулуу Тыныбекова экинчи ирет Дүйнө чемпиону болду.  Дүйнө чемпиондугу Норвегияда өтүп жатат. 

62 килограммга чейинки салмактагы учурдагы дүйнө чемпионунун беттештери 4-октябрда башталган. Ал Япония, Беларусь жана Украинанын спортчуларын катары менен жеңип, финалга чыккан.

5-октябрда алтын үчүн болгон кармашта Тыныбекова килем үстүндө америкалык Кайла Миракл менен кез келди. Кыргызстандык 7:0 эсеби менен жеңишке жетип, 2019-жылы Нур-Султанда алган чемпиондук титулун коргоду.

Бул Кыргызстан үчүн үчүнчү медаль болуп калды. Буга чейин Алибек Осмонов коло медалга ээ болсо, Эрназар Акматалиев күмүш медалдын ээси болгон.

edita