SerepTV Logo

Амантур Исмаилов коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды

Амантур Исмаилов коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды

Кыргызстандык Амантур Исмаилов Париждеги Олимпиада оюндарында коло медаль үчүн беттешүүгө мүмкүнчүлүк алды. Ал жубатуучу беттеште сербиялык каршылашын мөөнөтүнөн мурда жеңип алды. 

Ал 7-августта грек-рим күрөшү боюнча 67 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып баштаган. Кыргызстандык 1/8 финалдык баскычтан баштап, анда грузиялык Рамаз Зоидзе менен беттешип, 12:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жеткен. Исмаилов чейрек финалда украиналык Парвиз Насибов менен кез келди. Парвиз Насибов Исмаиловду 7:6 эсебинде жеңип алган. Насибов жарым финалда азербайжандык спортчуну жеңип, финалга чыгып, Амантур Исмаиловго жубатуучу беттешке катышууга мүмкүнчүлүк берген. Анын коло медаль үчүн беттеши бүгүн, 8-августта болот.

edita