SerepTV Logo

Алмаз Сманбеков Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болду

Алмаз Сманбеков Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болду
Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Алмаз Сманбеков Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында 2-орунду ээледи.
Спортчу 57 килограмм салмак категориясында беттешип, казакстандык балбанды 2:4 эсебинде, монголиялык балбанды 8:5 эсебинде жеңди. Ал эми алгачкы беттешинде пакистандык балбан килемге чыкпагандыктан автоматтык түрдө жеңиш Алмаз Сманбековго берилген. Финалдык беттеште индиялык балбанга жеңилип, күмүш медалга ээ болду.
info