SerepTV Logo

Алмаз Сманбеков алтын медаль, Бекзат Алмаз уулу күмүш медаль тагынды

Алмаз Сманбеков алтын медаль, Бекзат Алмаз уулу күмүш медаль тагынды
Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Алмаз Сманбеков жана Бекзат Алмаз улу Бишкек шаарында өтүп жаткан грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаев атындагы Дүйнөлүк рейтингдик мелдеште жеңүүчү болушту.
Спортчулар 57 килограммдык салмак категориясында беттешип 1/4 финалдан баштаган. Алтын медаль үчүн беттеште Алмаз Сманбеков жана Бекзат Алмаз уулу күч сынашты. Алмаз Сманбеков 6:1 эсебинде жеңишке жетишип 1-орунду ээледи. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="184836,184835,184834,184832,184833"]
info