SerepTV Logo

Акжол Махмудов менен Роман Власовдун беттеши Бишкекте өтүшү мүмкүн

Акжол Махмудов менен Роман Власовдун беттеши Бишкекте өтүшү мүмкүн
Кыргызстандык спортчу Акжол Махмудов менен 31 жаштагы орусиялык грек-рим күрөшчү боюнча спортчу Роман Власовдун беттеши Бишкекте өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Махмудов соцтармактагы баракчасына жазды. «Жакында машыктыруучулар менен күнүн жана ордун белгилейбиз. Азыртан эле сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бишкекте өтүшү мүмкүн Рома, макулсуңбу?" — деп жазды.  Буга чейин Олимпиаданын эки жолку чемпиону, дүйнөнүн үч жолку чемпиону, Европанын төрт жолку чемпиону Роман Власов Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси, кыргызстандык спортчу Акжол Махмудов менен беттешүүгө даяр экенин билдирип, беттешке чакырган.
edita