SerepTV Logo

Акжол Махмудов кайрадан дүйнөлүк рейтингде биринчи орунду ээледи

Акжол Махмудов кайрадан дүйнөлүк рейтингде биринчи орунду ээледи
Кыргызстандык Акжол Махмудов 77 килограммга чейинки салмакта грек-рим күрөшү боюнча дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында маалымдалды. Февраль айында Акжол Махмудов  биринчи орунда болсо, бир айдан кийин аны венгриялык балбан Золтан Леваи басып өткөн. Эске салсак, 9-апрелде Акжол Махмудов Азия чемпиону болгон.
edita