SerepTV Logo

Акжол Махмудов: “Дагы бир жолу беттеш уюштуруу керек. Бул менен чекит коюлбайт”

Акжол Махмудов: “Дагы бир жолу беттеш уюштуруу керек. Бул менен чекит коюлбайт”
Алматыда бүгүн, 26-апрелде Күрөш боюнча Поддубный лигасынын кезектеги турнири өтүп жатат. Турнирдин алкагында 19 беттеш пландалган. Турнирде көпчүлүк күткөн Акжол Махмудов менен орусиялык спортчу Роман Власовдун беттеши болуп, Махмудов жеңишке жетти. ”Урматтуу кыргыз калкым, баарыңыздарга чоң рахмат. Силердин бизге жан тартканыңар дем-күч берет. Кыргыз спортчулары дагы да чоң жеңиштерге жетет. Биз муну менен беттешке чекит койбойбуз. Биз күйөрмандарга мыкты беттеш көрсөтүшүбүз керек. Бул принцип болду. Мен кийинкиде кооз күрөш көрсөтөм. Дагы бир жолу беттеш уюштуруу керек. Бул менен чекит коюлбайт. Мен Роман бул менен токтоп калбарын билем. Мен жаракат алганда операцияма жардам берүүгө даяр болчу. Бул спортчуда жүрөк бар, мыкты адам. Менин атаандаш экениме карабай, бардык ыкмаларды үйрөткөн. Беттеш үчүн рахмат”, - деди Махмудов.
edita