SerepTV Logo

Акжол Махмудов бир тууганынын жеңишинен кийин көзүнө жаш алды (видео)

Акжол Махмудов бир тууганынын жеңишинен кийин көзүнө жаш алды (видео)
Акжол Махмудовдун бир тууган агасы Сыймык Махмудов Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча чемпиону болду. Бишкек шаарындагы Спорт ордосунда 21-22-январда Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча биринчилиги өттү. Анда 26 жаштагы Сыймык Махмудов да күч сынашып, финалда Дастан Кадыровду жеңип, чемпион аталды. Махмудовдордун үй-бүлөсүндө үч бир тууган тең күрөш менен алектенишет: Бексултан, Сыймык жана Акжол.
edita