"Өткөн жыл мен үчүн ийгиликсиз жыл болгон". Айсулуу Тыныбекованын Азия чемпиондугун жеңгенден кийинки сөздөрү
Айсулуу Тыныбекова Астанада өткөн күрөш боюнча Азия чемпиондугунун алтын медалын жеңип алды. Ал 12-апрелде чыгып, 62 килограмм салмакта 1-орунду ээлеген.
«Бул Азия чемпиондугу мен үчүн сыноо болду, анткени өткөн жыл мен үчүн ийгиликсиз жыл болгон. Биздин жашообуз күрөштөн турат деп дагы бир жолу кайталагым келет. Ушул күнгө чейин өзүм менен өзүм күрөшүп келем.
Бардыгы жеңишти, пьедесталды көрөт, бирок мунун артында көп эмгек, оор күндөр турат. Биринчиден, мен азамат экенимди айткым келет. Мен чыдадым. Жашоомдо оор жылдар болду. Бүгүнкү күндө 75-80 пайыз даярмын. Алдыда бизди дүйнөлүк чемпионат күтүп турат. Талыкпай даярданабыз”, - деди жеңиштен кийин Айсулуу Тыныбекова.