SerepTV Logo

Айсулуу Тыныбекова Түркияда өтүп жаткан турнирдин биринчи беттешинде жеңилип калды

Айсулуу Тыныбекова Түркияда өтүп жаткан турнирдин биринчи беттешинде жеңилип калды

Айсулуу Тыныбекова Түркияда өтүп жаткан эркин күрөш боюнча эл аралык турнирдин алгачкы беттешинде атаандашына жеңилип калды.

Бул күндөрү Стамбулда Yasar Dogu, Vehbi Emre & Hamit Kaplan турнири өтүүдө. Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/8 финалдык баскычтан старт алган.

Кыргызстандык биринчи беттеште Бразилиянын өкүлү менен кез келип, 0:8 эсебинде атаандашы жеңишке жеткен. Эгерде Бразилиядан келген спортчу финалга чыкса, анда Тыныбекова коло үчүн мелдешке чыгат.

edita