SerepTV Logo

Айсулуу Тыныбекова Польшадагы эл аралык мелдеште алтын медалга ээ болду

Айсулуу Тыныбекова Польшадагы эл аралык мелдеште алтын медалга ээ болду
Айсулуу Тыныбекова Польшада өтүп жаткан эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеште жеңүүчү болду. Ал 62 килограмм салмак категориясында күч сынашкан. Тыныбекова мелдешти 10-июнда финалдык баскычтан баштады. Алгач орусиялык Любовь Овчарова менен беттешти. Овчарова беттештин биринчи бөлүгүн 8:2 эсеби менен жеңген. Экинчи бөлүктө Тыныбекова чабуулга өтүп, эсепти теңеп, андан кийин атаандашын таза жеңиш менен утуп алды. Жарым финалда дагы бир орусиялык спортчу Светлана Липатовага кез келип, аны 3:1 эсебинде жеңди. Тыныбекова финалдык беттеште канадалык Анна Паула Годинез Гонзалез менен күч сынашты. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталып, жыйынтык 7:1 жана Айсулуунун жеңиши.
edita