Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы Азия чемпиондугунда күч сынашат
Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын Азия чемпиондугуна катыша турган курамы белгилүү болду.
Турнир 19-апрелде Улан-Батордо (Монголия) башталат. Кыргызстандын курама командасына башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков менен Байгазы Кенжебаевдин жетекчилиги астында 3 спортчу кирди. Кыргызстандын курама командасынын курамы:
62 килограммга чейин - Айсулуу Тыныбекова;
68 килограммга чейин - Мээрим Жуманазарова;
76 килограммга чейин - Айпери Медет кызы.