Айсулуу Тыныбекова - «Жылдын мыкты балбаны» наамына талапкер
Айсулуу Тыныбекова эркин күрөш боюнча “2023-жылдын мыкты балбаны” наамына талапкер.
Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) боюнча талапкерлердин тизмесине Сербияда өткөн Дүйнө чемпиондугун жеңип алган 5 спортчу кирген. Тыныбекованын атаандаштары - Юи Сусаки (Япония), Акари Фужинами (Япония), Амит Элор (АКШ) жана Бусе Тосун (Түркия).
2023-жылы Тыныбекова 6 турнирге катышып, анда 5 медаль - 4 алтын жана 1 коло утуп алган. UWW социалдык тармактарындагы комментарийлерде добуш берсеңиз болот.
Посмотреть эту публикацию в Instagram