SerepTV Logo

Айсулуу Тыныбекова жаңы залдын ачылышы боюнча: "Кыргыз спортчуларынын өзүнө болгон ишеними дагы артты"

Айсулуу Тыныбекова жаңы залдын ачылышы боюнча: "Кыргыз спортчуларынын өзүнө болгон ишеними дагы артты"
Кечээ, 19-октябрда Бишкек шаарындагы “Жаштык” массалык спорттук иш-чараларды өткөрүү боюнча дирекциясынын базасында курулган кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын жаңы спорт залынын ачылышы болду. Айсулуу Тыныбекова социалдык тармактагы баракчасына мындан ары кыргыз спортчуларынын өзүнө болгон ишеними дагы артып, машыгуу процесстеринен эми аларды эч нерсе алагды кыла албай турганын жазды. "Жалпы кыргыз спорту үчүн тарыхый окуя болуп кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын заманбап залы ачылды. Бул спорттун түрү менен машыгып баштагандан бери өздүк залыбыз жок туруп ири мелдештерден ийгиликтерге жеткенибизге таң калгандар да болбой койгон жок. Токиодогу Олимпиада оюндарынан кийин өлкө жетекчилиги зал маселесин чечип берүүнү убада кылган эле. Эми ошол убада аткарылып, бизге тиешелүү спорт комплексти беш айдын ичинде куруп берди. Мындан ары кыргыз спортчуларынын өзүнө болгон ишеними дагы артып, машыгуу процесстеринен эми бизди эч нерсе алагды кыла албайт десек болот. Спортко көңүл буруп, спортчуларыбызга ыңгайлуу шарттарды түзүп берип жаткан өлкө башчысына терең ыраазычылыгымды билдирем",- деп жазды ал. 
edita