SerepTV Logo

Айпери Медет кызы Түркияда өткөн турнирде алтын жеңди

Айпери Медет кызы Түркияда өткөн турнирде алтын жеңди
Балбан Айпери Медет кызы Түркияда өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык турнирдин жеңүүчүсү болду. Yasar Dogu&Vehbe Emre турнири кечээ, 7-мартта Анталияда башталды. Айпери Медет кызы 76 килограмм салмакта күч сынашып, ага жалпысынан 13 спортчу катышкан. Кыргызстандык спортчу 1/8 финалдан баштап, Япониядан келген спортчуну утту. Андан кийин Орусиянын өкүлүн жеңди. Жарым финалда кыргызстандык кыз Монголиянын спортчусун жеңип, финалда казакстандык спортчуга караганда күчтүү болду.
edita