Айпери Медет кызы Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль жеңди
Балбан Айпери Медет кызы Сербияда өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда күмүш байгеге ээ болду.
Кыргызстандык спортчу 76 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, анда 1/16 финалдан баштаган. Медет кызы Румыния, Беларусь жана Канаданын спортчуларын 32:0 эсебинде катары менен үч жолу жеңип алды. Жарым финалдык беттеште кыргызстандык кыз Колумбиянын өкүлү менен килемге чыгып, аны да жеңди.
20-сентябрда финалдык беттеште Айпери Медет кызы япониялык Юки Кагами менен беттешти. Экинчи таймда кыргызстандык кыз бутунан жаракат алып, беттешти 0:8 эсебинде жыйынтыктай алган жок. Кагами жеңип, Дүйнө чемпиону болду. Медет кызы 2-орунду ээлеп, күмүш байгеге ээ болду.