SerepTV Logo

Айпери Медет кызы Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль үчүн күрөшөт

Айпери Медет кызы Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль үчүн күрөшөт
Хорватиянын Загреб шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда кыз-келиндер күрөшү боюнча 76 килограмм салмак категориясында күч сынашкан Айпери Медет кызы финалга чыкты. Финалга чыгуу үчүн болгон күрөштө кыргызстандык балбан украиналык Анастасия Алпееваны 10:5 эсебинде жеңди. Алтын медаль үчүн беттеште кармашта анын атаандашы Эквадордун балбаны Генезис Вальдес болот.
edita