SerepTV Logo

Айпери Медет кызы Азиянын үчүнчү жолку чемпиону болду

Айпери Медет кызы Азиянын үчүнчү жолку чемпиону болду
Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Иорданияда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунун алтын медалын жеңди. Ал 76 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/4 финалдан баштады. Кыргызстандык кыздын биринчи атаандашы Кытайдан келген спортчу болду. Медет кызы аны 3:0 эсебинде жеңип алды. Жарым финалда кыргызстандык спортчу Түндүк Кореянын өкүлүн жеңип, финалга чыкты. Финалдык беттеште Медет кызынын атаандашы индиялык Ритика болду. Беттештин аяктарына 15 секунд калганда эсеп сандар Ритиканын пайдасында 6:2 болчу, бирок Медет кызы 15 секунд ичинде биринчи 4 балл, андан кийин 2 балл алганга жетишти. Ошентип, беттеш 6:6 эсебинде Медет кызынын жеңиши менен аяктаган соң, Индиянын машыктыруучулар штабы кайра кайталап көрсөтүүнү талап кылышты. Калыстар туура чечим чыкканын билдиришти. Беттеш 7:6 эсебинде Айпери Медет кызынын жеңиши менен аяктады. Муну менен Айпери Медет кызы Азиянын үчүнчү жолку чемпиону аталды.
edita