SerepTV Logo

Айпери Медет кызы Азия чемпиондугунун финалына чыкты

Айпери Медет кызы Азия чемпиондугунун финалына чыкты
Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Иорданияда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунун финалына чыкты. Ал 76 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/4 финалдан баштады. Кыргызстандык кыздын биринчи атаандашы Кытайдан келген спортчу болду. Медет кызы аны 3:0 эсебинде жеңип алды. Жарым финалда кыргызстандык спортчу Түндүк Кореянын өкүлүн жеңип, финалга чыкты. Финалдык беттеште Медет кызынын атаандашы индиялык Ритика болмокчу. Финалдык беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө башталат.
edita