Айпери Медет кызы Азия чемпиондугунда күмүш медаль жеңди
Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда күмүш медаль жеңди.
Ал 76 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/4 финалдан баштаган. Алгач Медет кызы кореялык кызды 43 секундда жеңип, жарым финалда Япониянын өкүлүнөн күчтүү болду. Финалда кыргызстандык спортчу казакстандык Эльмира Сыздыкова менен күч сынашып, жеңилип калды.