SerepTV Logo

Айпери Медет кызы алгачкы жолу Азия чемпиону болду

Айпери Медет кызы алгачкы жолу Азия чемпиону болду
Айпери Медет кызы спорттук карьерасында алгачкы жолу Азия чемпиону аталды. Ал 76 килограммга чейинки салмак категориясында килемге чыгып, анда 6 спортчу 2 тайпага бөлүнгөн. Медет кызы биринчи турда япониялык Юка Кагамини жеңсе, экинчисинде индиялык Судеш Кумарини мөөнөтүнөн мурда жеңип алган. Жарым финалдык беттеште кыргызстандык монголиялык спортчу менен беттешип, аны мөөнөтүнөн мурда 10:0 эсебинде утту. Финалда Медет кызынын атаандашы кайрадан япониялык Юка Кагами болду. Спортчулардын экинчи жолугушуусу да 5:2 эсебинде кыргызстандыктын пайдасына аяктады.
edita