SerepTV Logo

Айпери Медет кызы 23 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда жарым финалга чыкты

Айпери Медет кызы 23 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда жарым финалга чыкты
Сербияда өтүп жаткан 23 жашка чейинки спортчулар арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы жарым финалга чыкты. Ал алгачкы беттешке Эквадордон барган спортчу менен чыгып, туше менен жеңишке жеткен. Анын кийинки атаандашы индиялык спортчу болду. Кыргызстандык 28 секунддун ичинде анын ийинин жерге тийгизди. Азырынча кийинки атаандашы аныктала элек.
edita