SerepTV Logo

Адилет Улан уулу Ислам оюндарында күмүш медаль тагынды

Адилет Улан уулу Ислам оюндарында күмүш медаль тагынды

Түркияда өтүп жаткан Ислам шериктештик оюндарында кыргызстандык спортчу Адилет Улан уулу күмүш медаль тагынды. Ал 16-августта кикбоксинг боюнча турнирде 60 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты. 

1/4 финалдан баштап азербайжандык Кыяз Шахмардановду жеңди. Жарым финалдык беттеште Улан уулу иорданиялык Ибрагим Сулейман менен беттешип, финалга чыкты. Чечүүчү беттеште кыргызстандык Түркиядан келген спортчуга утулуп, 2-орунду ээледи.

edita