SerepTV Logo

Аброр Хакимов Бүткүл Дүйнөлүк оюндарда алтын медалга ээ болду

Аброр Хакимов Бүткүл Дүйнөлүк оюндарда алтын медалга ээ болду
Кыргыз Республикасынын кикбоксинг боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Аброр Хакимов Эр-Рияд шаарында (Сауд Аравия ) өтүп жаткан Бүткүл Дүйнөлүк оюндарда алтын медалга татыды.
Спортчу 71 килограммга чейинки салмакта катышкан. Алтын медаль үчүн беттеште франциялык мушкерди жеңип, 1-орунду ээлеген. Бүткүл Дүйнөлүк оюндары 20-октябрь күнү башталган. Жалпы 15 спорттун түрүнөн мелдештер өтүп жатат. Кыргызстандын улуттук курама командасы карате, самбо, джиу-джитсу, грепллинг, казак күрөшү, “Алыш” белбоо күрөшү жана кикбоксинг боюнча катышты.
Мелдеш 30-октябрь күнү жыйынтыкталат.
info