SerepTV Logo

Абдурахманхаджи Муртазалиев АКШда өткөн дүйнөлүк оюнда күмүш медаль тагынды (фото, видео)

Абдурахманхаджи Муртазалиев АКШда өткөн дүйнөлүк оюнда күмүш медаль тагынды (фото, видео)
Улуттук Джиу-джитсу федерациясынын президенти Абдурахманхаджи Муртазалиев АКШда өткөн дүйнөлүк спорт оюндарында күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу спортчу социалдык баракчасына маалымдаган.
Улуттук Джиу-джитсу федерациясынын президенти, Эмгек сиңирген спорт чебери Абдурахманхаджи Муртазалиев 10-15-июль күндөрү Алабама штатындагы Бирмингем шаарында өткөн дүйнөлүк спорт оюндарында күмүш медаль алды. Оюн тууралуу "Финалдык беттеш 0:0 эсеби менен бүттү. Калыстар жеңишти атаандашыма берүүнү чечишти", - деп жазган Муртазалиев. 
Эске салсак, спорттук карьерасынан сырткары  Абдурахманхаджи Муртазалиев быйыл Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер катары шайлоодон өткөн. Бирок БШК анын каттоосун жокко чыгарган чечим кабыл алган. Анда добуш сатып алууга шектелип жаткан агитаторлордун талапкер менен байланышта болгон фактысы далилденип, кылмыш иши козголгон. Анын ордуна Шайлообек Атазов депутаттык мандатка ээ болгон
info