15 алдыңкы спортчуга 500 доллар айлык берилип баштайт
Кыргызстанда олимпиада оюндарын таанытып жүргөн 15 алдыңкы спортчуга Эл аралык олимпиада комитетинин стипендиясы берилип баштайт. Бул тууралуу комитеттен билдиришти.
2022-жылдын 1-майынан тартып 2024-жылдын 31-августуна чейин ар бир спортчу 500 доллар айлык алып баштайт.
Стипендия алган спортчулардын тизмеси:
Акжол Махмудов - грек-рим күрөшү;
Жоламан Шаршенбеков - грек-рим күрөшү;
Алибек Осмонов - эркин күрөш;
Бекболот Мырзаназар уулу - эркин күрөш;
Эрназар Акматалиев - эркин күрөш;
Айсулуу Тыныбекова - аялдар арасындагы күрөш;
Мээрим Жуманазарова - аялдар арасындагы күрөш;
Айпери Медет кызы - аялдар арасындагы күрөш;
Кальмира Билимбекова - аялдар арасындагы күрөш;
Владимир Золоев - дзюдо;
Нурсултан Кенешбеков - жеңил атлетика;
Гульшаной Сатарова - жеңил атлетика;
Денис Петрашов - сууда сүзүү;
Бекдөөлөт Расулбеков - оор атлетика;
Нурадин Рустамбек уулу - бокс.