SerepTV Logo

14-15-декабрда президент Садыр Жапаров футбол ойнойт

14-15-декабрда президент Садыр Жапаров футбол ойнойт

Ушул жылдын 14-15-декабрында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтка айланган “Мурас” достук турнири өтөт.

Маалыматка караганда, иш-чарага 16 команда катышат. Командалар 4 тайпага 4 командадан бөлүнөт. Алар тайпалык баскычта бир тур ойноп, андан соң финалдык этап болот.

⚽️ Турнирге төмөнкү командалар катышат:

- Президенттин командасы; - Маданият өкүлдөрү – “Өнөр”; - Белгилүү ишкерлер - “Бизнес”; - Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү – “Журналисттер”; - Футбол ардагерлери – “Алга”; - Спорт федерацияларынын жетекчилери - "Спорттук федерациялар"; - Жогорку Кеңештин депутаттары - "Жогорку Кеңеш"; - Президенттин облустардагы өкүлдөрү, мэрлер, акимдер - "Аймактар"; - Дин өкүлдөрү – “Ыйман”; - Кыргызстандагы чет мамлекеттердин элчилери – “Элчилер”; - Ооруканалардын башкы дарыгерлери - "Ден соолук"; - Окуу жайлардын директорлору, ЖОЖдордун ректорлору - “Билим”; - Сот бийлигинин өкүлдөрү – “Фемида”; - Күч түзүмдөрүнүн жетекчилери - "Коопсуздук"; - Белгилүү спортчулар - "Спорт жылдыздары"; - Кыргыз Республикасынын элдеринин ассамблеясы, диаспора лидерлери – “Достук”.

edita