SerepTV Logo

Ырчы Илгиз Абдалиевдин жубайы да ырдап чыгат

Ырчы Илгиз Абдалиевдин жубайы да ырдап чыгат
Эми ырчы Илгиз Абдалиевдин жубайы Назима да чыгармачылыкка аралашат. Бул тууралуу ал SUPERTV`га билдирди. “Келинчегим менен чогуу ырдоону баш кошкондон кийин эле пландаганбыз. Жакында тойго барып, “Жан жарым” деген чыгарманы аткарып көрдүк. Биринчи дуэтибизди эл жакшы кабыл алды. Мындан кийин да сахнада, жакшылыктарда чогуу ырдайбыз”, - деди Илгиз Абдалиев. Ошондой эле жакында “Жубайым” деген ырына клип тарта турганын айтып, анда баш каарман катары жубайы тартыларын кошумчалап өттү. Мындан сырткары учурда жубайы кош бойлуу экенин айтып, буларга токтолду: “Негизи бул жаңылыкты жакындарыбыз эле билчү. Бирок социалдык тармактан эч нерсе жашыра албайт экенсиң. Буюрса бир-эки айда ата болом. Уулубузду чыдамсыздык менен күтүп жатабыз”. 
Unknown Author