Ырчы Азалияга сүйүктүүсү сөйкө салды
Ырчы Азалияга сүйүктүүсү сөйкө салды. Маалыматты ал SUPERTV'га тастыктап, төмөнкүлөргө токтолду.
"Болочок жолдошум экөөбүз тез арада тил табыштык. Жылдызыбыз келишип, ой-максаттарыбыз бир чыкты. Жакшылыктын эрте-кечи жок дегендей, сөйкө салып, брондоп койду. Ал башка өлкөдө жашагандыктан, той, нике кыюу аземдери ошол жакта болот. Кайсы өлкө экени сыр болуп турсун", - деди ал.
Ошондой эле сүйүктүүсү Кыргыз өлкөсүнө келип, бир ай жүргөн соң кайра чет жакка кеткенин кошумчалады.
[video width="720" height="1280" mp4="https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/02/1613846379324.mp4"][/video]