SerepTV Logo

Ырчы Джонни үйлөндү. Тойду SUPER TV түз алып көрсөтөт

Ырчы Джонни үйлөндү. Тойду SUPER TV түз алып көрсөтөт
Бүгүн, 2-декабрда ырчы Джоннинин үйлөнүү тою өтүүдө. Той Бишкек шаарындагы тойканалардын биринде болуп жатат. Ага эки жаштын туугандарынан сырткары, шоу чөйрөдөгү жакындары куттуктап келишкен. Белгилүү болгондой, 29-ноябрда ырчынын жубайынын кыз узатуу тою болгон. Джоннинин сүйүктүүсүнүн аты – Айжан. Ал Жалал-Абадда төрөлүп, Бишкек шаарында чоңойгон. Эки жаш 2019-жылдан тартып кыз-жигит мамилесинде жүрүп, ушул жылдын февраль айында сөйкө салуу каадасын аткарышкан. Үлпөт тойду түз эфир аркылуу көрүңүз:  https://www.youtube.com/watch?v=gVuJTlwnZ8A
Unknown Author