SerepTV Logo

"Тушоо той Ошто өтөт". Аваз Акимов менен Айдана Дека кызынын туулган күнүн белгиледи

"Тушоо той Ошто өтөт". Аваз Акимов менен Айдана Дека кызынын туулган күнүн белгиледи
Бүгүн, 16-январда кош жылдыз Аваз Акимов менен Айдана Деканын кызы Ариана бир жашка толду. Ырчылар кичинекей наристенин туулган күнүн жакын жоро-жолдошторунун арасында белгилешти. Ырчылардын айтымында, Ариананын тушоо тою Ош шаарында өтөт. "Бүгүн жөн гана туулган күндү белгилеп жатабыз. Тушоо тойду бир аз күн жылып калган соң Ошто өткөрөбүз",- дешет алар. Жаш балдарга ылайыкталган шоу, жаңы ырдын бет ачары, өзгөчө торт... Тойдогу кызыктарды бир аз убакыттан кийин SUPERTV каналынан көрө аласыздар.

Unknown Author