Сүйүнчү! Омар уулдуу болду
Ырчы Омар уулдуу болду. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу сүйүнчүлөдү. "Уулдуу болдук. Кудайга шүгүр, жубайым аман-эсен көз жарып алды. Азырынча ат тандай элекпиз. Мүмкүн болсо эркек балага ылайыктуу кыргызча аттардан сунуштаңыздар", - деген ырчы.
Ал эми SUPERTV ырчы менен байланышканда, ал жубайы бүгүн, 14-февралда эртең мененки саат 10дордо көз жарганын айтып, төмөнкүлөргө токтолду.
"Уулумдун салмагы 3500 килограмм, бою 50 сантиметр болуп төрөлдү. Учурда эне-баланын абалы жакшы. Абдан кубанып турам. Эң негизгиси уулум өмүрлүү, ыймандуу, элине жана динине кызмат кылган инсандардан болуп чоңойсо экен", - деди ал.
Омар менен келинчеги буга чейин Арууке аттуу кызды тарбиялап келген. SUPERTV экинчи ирет ата болгон ырчыны куттуктап, наристеге узун өмүр тилейт.
[video width="640" height="800" mp4="https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/02/1613314955898.mp4"][/video]