SerepTV Logo

Курмангазы Азыкбаев: "Нике кайып экен. Жубайым экөөбүз адаштык, кайра түздөлдүк"

Курмангазы Азыкбаев: "Нике кайып экен. Жубайым экөөбүз адаштык, кайра түздөлдүк"
SUPER TV`нын #БийикТикте долбоорунун кезектеги каарманы Кыргыз Эл артисти Курмангазы Азыкбаев болду. Ал эфир учурунда алып баруучу берген суроолорго жооп берип жатып, жубайы тууралуу айтып өттү. “Турмушубузда өйдө-ылдыйлар болду. Биз адаштык, жаңылдык, кайра түзөлдүк. Тагыраагы адам өзүн таба электе ушундай болот экен.  Нике кайып да, кайра келип эле башыбыз бирикти”, - деди ал. Ошондой эле, жубайы да чыгармачыл инсан экенин кошумчалап өттү. “Ар бирибиздин чыгармачылыгыбызды көзөмөлдөп турган адам – жубайым. Ал деле ырдайт, бирок керектүү гана жерде. Азыр ал  сабак берет”, - дейт ал.
Unknown Author