SerepTV Logo

Кош бойлуу экенин ачыктаган Гүлжайна Атаканова эс алууга убакыт бөлүүдө

Кош бойлуу экенин ачыктаган Гүлжайна Атаканова эс алууга убакыт бөлүүдө
Куудул Гүлжайна Атаканова эс алууда жүрөт. Жакында эле кош бойлуу экенин ачыктаган ал “эс алгым эле келип жатат” дейт. Азыркы убакта Ысык-Ата эс алуу жайында жүргөн ал мындан аркы сапары Ысык-Көлдү көздөй болорун айтат. Айта кетсек, куудул аз күн мурун экинчи наристесин күтүп жатканын ачыктап, “Болушунча элден жашырып келдим. Курсак чоңойгон сайын жашырууга мүмкүн болбой калат экен” деген эле. SUPER TV Гүлжайна айымдын сүйүнүчтүү кабары менен куттуктап, аман-эсен көз жарып алышына тилектеш.
Unknown Author